И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Корея Республикасынын Kyungwoon University университетинин өкүлдөрү менен авиациялык билим берүү, илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жана эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Тараптар аба кемелерин учуу жана техникалык эксплуатациялоо, ошондой эле эл аралык талаптарга жана стандарттарга ылайык учкучсуз учуучу аппараттарды эксплуатациялоо жана башкаруу багыттары боюнча адистерди биргелешип даярдоо маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл биргелешкен билим берүү жана илимий программаларды иштеп чыгууга, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүнө, кесиптик тажрыйба алмашууга жана заманбап билим берүү технологияларын киргизүүгө бурулду.