Иш-чаралар
cover image
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен биргеликте С0, С1 жана С2 категориясындагы учкучсуз учуучу аппараттардын (УУА) операторлорун даярдоо боюнча эл аралык курстарды ийгиликтүү өткөрдү.

Жооптуу тараптар жана катышуучулар

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Программалык кеңсесинин программасын ишке ашыруунун алкагында адистердин квалификациясын жогорулатуу жана учкучсуз системалардын коопсуз пайдаланылышын камсыздоо максатында Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын укук коргоо органдарынын угуучулары жана эксперттери үчүн курстар уюштурулган.

  • 1Казакстан
  • 2Кыргызстан
  • 3Тажикистан
  • 4Өзбекстан

Курстун программасы

Курстардын программасы теориялык жана практикалык даярдыкты камтыды. Катышуучулар УУА башкаруунун негизги аспектилерин өздөштүрүштү, дрондордун ар кандай типтеринин техникалык мүнөздөмөлөрү, аларды пайдалануу эрежелери, ошондой эле авиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик-укуктук талаптар менен таанышышты.

Жыйынтыктар
Курстун аягында бардык катышуучулар тиешелүү категориядагы учкучсуз учуучу аппараттардын операторлорунун квалификациясын тастыктаган расмий сертификаттарды алышты.

Курстун сүрөттөрү