И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту…
20 Июн 2025
4101
Окуялар
10-июнда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту «Заманбап чакырыктардын шартында авиация тармагы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо» темасындагы үч тараптуу онлайн тегерек столго катышты.
Уюштуруучу
Тегерек столдун уюштуруучусу «Московия» кесиптик колледжи болду. Алгач уюштуруучулар тарабынан колледждин кесиптик ишмердүүлүгү жөнүндө презентация сунушталды. Андан ары тараптар мындан аркы кызматташуунун мүмкүн болгон жолдорун сунушташты.
Талкуунун жүрүшү
Талкуунун жүрүшүндө кызматташуунун уюштуруучулук жана методикалык аспектилери, эл аралык жана ЖОЖдор аралык долбоорлордун алкагында өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу каралды.
Жыйынтык
Тегерек столдун жыйынтыгында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту жана «Московия» кесиптик колледжинин ортосунда кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлду.