Иш-чаралар
cover image
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрөт — «Жаңылануу баскычында коомдун заманбап мамилеси жана илим менен билим берүүнүн жаатындагы глобалдык трансформациялар».

Конференция жөнүндө

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту эл аралык илимий-практикалык конференция «Новый подход современного общества на этапе перезагрузки и глобальных трансформаций в сфере науки и образования» аттуу темада 2022-жылдын 25-майынан 04-июнуна чейин Г.Айтиева атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде өткөрөт. Конференция Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун «Адамдын руханий-аалымдык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында өткөрүлөт жана авиация институтунун мурдагы окутуучусу жана Кыргызстандын мыкты фотосуретчилеринен бири В.С. Пархоменконун 75 жылдыгына арналып өткөрүлөт. В.С.Пархоменко И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда физкультура мугалими болуп 40 жылдан ашык убакыт иштеген. «КР билим берүүсүнүн отличниги», «СССР Аэрофлотунун отличниги», учуу курамына жана тармактын башка категориясындагы кызматкерлерге арналган көптөгөн методикалык иштеп чыгуулар жана практикалык сунуштардын автору. В.С.Пархоменконун экинчи кесиби фотожурналистика болду. Анын көптөгөн миңдеген фотосүрөттөрү бар, көп жылдар бою ал «Слово Кыргызстана», «Вечерний Бишкек», «Московский комсомолец», «Российская газета» сыяктуу лидерлик кыргыз жана эл аралык басылмаларга эркин фотокорреспондент болуп эмгектенген. Конференциянын программасы бир нече бөлүмдөн турат: иш-чара техникалык, гуманитардык жана табигый-илимий багыттар боюнча уюштурулат. Конференцияга мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, студенттер, магистранттар, аспиранттар жана жаш илимпоздор, ошондой эле жарандык авиациянын өкүлдөрү жана дене тарбия жана спорт адистери чакырылат.

Программа

  • 1Техникалык багыт
  • 2Гуманитардык багыт
  • 3Табигый-илимий багыт

95c55048242de1da89d888e76b202a25.jpg