2026-жылдын 19–22-май күндөрү И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту академик С.П. Королёв атындагы Самара улуттук изилдөө университетинин делегациясын кабыл алды.
Делегациянын курамында эл аралык ишмердүүлүк башкармалыгынын жетекчиси, авиациялык техниканы эксплуатациялоо кафедрасынын доценти Сергей Николаевич Тиц жана техника илимдеринин кандидаты, авиациялык техниканы эксплуатациялоо кафедрасынын доценти Александр Николаевич Стройкин болду.
Жолугушуунун негизги темалары эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, авиациялык адистерди даярдоо жаатында тажрыйба алмашуу, ошондой эле биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу болду.
Самара университетинин делегациясынын сапары эл аралык академиялык байланыштарды кеңейтүүдө жана авиациялык билим берүү менен илим тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду.