И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту «EdNet» билим берүү сапатын камсыздоо агенттигинин программалык жана институционалдык аккредитациясынан ийгиликтүү өттү. Аккредитация 5 жылдык мөөнөткө берилди. Аккредитация процедурасынан өтүү – бул билим берүү программаларын үзгүлтүксүз өзүн-өзү баалоо жана өркүндөтүү аркылуу өнүктүрүүгө түрткү берүүчү фактор болуп саналат.
Маалымат үчүн: Аккредитация – бул билим берүү программаларынын сапатын баалоо процедурасы болуп, алардын мамлекеттик стандарттардын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына коюлган минималдуу талаптардан төмөн эмес критерийлерге шайкештигин таануу максатын көздөйт.







