Иш-чаралар
cover image
Авиакомпания «Авиа Траффик Компани» техникалык директору Косенко Виктор Борисович И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун студенттерине конок лекция окуду.

Лекция тууралуу

Авиация адистерин сапаттуу даярдоону жогорулатуу максатында практикалык тажрыйбасы бай авиа адистери студенттер менен жолугушууга чакырылат.

Виктор Борисович заманбап учактарды башкаруу боюнча иштер, учак өндүрүүчүлөр менен өз ара аракеттешүү тажрыйбасы жана авиакомпаниянын суранычы боюнча лайнердин компоненттерин алмаштыруу тууралуу айтып берди.