И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери Казан федералдык университетинде өтүп жаткан «Жайкы университет» долбооруна катышууда.

    Масштабдуу бүткүл россиялык «Жайкы университет» долбоору 2025-жылдын 21-июлунан 3-августуна чейин өтөт.

 Долбоорго Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Абхазия, Приднестровье, Индонезия, Кытай, Египет, Марокко, Монголия, Оман жана башка өлкөлөрдөн келген 300 чет элдик жаран, ошондой эле 100 россиялык студент катышууда.

  «Жайкы университеттин» программасына Казан федералдык университетинин алдыңкы окутуучуларынын жана тармак адистеринин лекциялары, семинарлары, практикалык сабактары, ошондой эле Россия маданияты жана орус тили, Татарстан Республикасынын уникалдуу атмосферасы менен тааныштырууга багытталган экскурсиялар жана иш-чаралар кирет.

   Маалымат үчүн: Казан федералдык университети – 220 жылдыгын белгилеген Россиянын эң эски жана эң белгилүү жогорку окуу жайларынын бири. Университетте, анын ичинде чет элдик филиалдарда 12 миңден ашык чет өлкөлүк студент билим алат.