2025-жылдын 3–4-апрелинде «Авиацияда коопсуздукту башкаруу системасынын (SMS) натыйжалуулугу: заманбап ыкмалар жана практикалык жүзөгө ашыруу» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышуу үчүн И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна техникалык илимдердин доктору, доцент, Новосибирск мамлекеттик техникалык университетинин (Новосибирск ш., РФ) Учуу аппараттары факультетинин деканы Чинахов Дмитрий Анатольевич келди.
2025-жылдын 4-апрелинде, конференциянын алкагында, КАИ менен НГТУнун ортосунда кызматташтык келишими түзүлүп, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары аныкталып, иш-чараларды ишке ашыруунун жол картасы түзүлдү. Келишимдин алкагында билим берүү багытында, анын ичинде кош дипломдуу билим берүү программаларын биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле авиация жана космонавтика тармагында илимий кызматташтык боюнча макулдашууларга жетишилди.