Эл аралык симпозиум: КАИнин студенттери байгелүү …
24 Апр 2026
81
Иш-чаралар
2026-жылдын 22-апрелинде Ж.Баласагын атындагы КМУУда Биринчи түркологиялык курултайдын (1926-ж) 100 жылдыгына карата «Кылым карыткан улуттук дем: тунгуч агартуучулар» аттуу I Эл аралык студенттик симпозиуму болду.
КАИнын катышы
Симпозиумга И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери да активдүү катышты. Студенттерди окутуучу Орозалы кызы Лира жетектеп, иш алып барды.
Сыйлыктар жана жыйынтыктар
Сыйлыктар
Жыйынтыгында ТБ-1-24 тобунун студенти Мирбек Эрмекбаев III даражадагы диплом менен сыйланды, ал эми М-1-24 тобунун студенти Үмүтай Камалидинова жигердүү катышкандыгы үчүн сертификатка ээ болду. Студенттердин жазган иштери КМУУнун «Жарчы» басылмасына чыгары белгиленди.