2026-жылдын 5-июнунда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова жана Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бектур Жумалиев иш сапары менен келишти.

Иш сапардын жүрүшүндө коноктор институттун ишмердүүлүгү, билим берүү программалары жана материалдык-техникалык базасы менен таанышып, авиация тармагы үчүн адистерди даярдоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Окуу жайдын жетекчилиги билим берүү процессин өркүндөтүү, заманбап билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү жана авиация тармагы үчүн адистерди даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле институттун окуу-өндүрүштүк базасы көрсөтүлүп, студенттердин практикалык даярдыгын камсыздоого багытталган шарттар тааныштырылды. 

Иш сапардын алкагында студенттер менен жолугушуу өтүп, анда эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоо боюнча пикир алмашуу болду. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.