Институттун билим берүү, илимий-изилдөө жана административдик ишмердүүлүгүн санариптик трансформациялоо Концепциясын ишке ашыруу алкагында 2021-жылдын декабрь айында жаңы сервер жабдууларынын монтажы аяктады.
Толук маалымат
Жергиликтүү маалыматтык тармактын «ядросун» жаңылоонун аркасында маалыматтарды иштетүү жана берүүнүн ылдамдыгы бир нече эсе жогоруланып, көбүрөөк көлөмдөгү маалыматтарды жүктөө жана сактоо камсыздалат.
Жабдууларды жеткирүү жана монтаж кылуу тендерди уткан орус компаниясы тарабынан аткарылды.
Эми биздин окуу жайда кесиптик көндүмдөрдү жогорулатуу курстарынан өткөн авиа адистер глобалдык санариптештирүү трендинде республиканынын аймактарындагы же башка өлкөлөрдөгү аэропорттордо иш учурунан ажырабай дистанциялык тестирлөөнү тапшыра алышат.
Жаңы класс
Технологиялык база модернизациясынын алкагында жаңы компьютерлер менен жабдылган дагы бир класс ачылды.