Биз КВНди баштайбыз! — Бүгүн, 27-февралда, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда 1- жана 2-курстар арасында КВН клубунун конкурсу болуп өттү. «Парламент», «Мурас», «Союз» КВН командалары залды жаркын тамашалар, юмордук номурлар жана бийлер менен кубантты. Иш-чарага Студсоветтин командасы конок катары катышты. Жюри жеңүүчүнү сыйлоо менен катар эң мыкты оюнчу жана эң мыкты тамаша үчүн да байге тапшырды. Жеңүүчү — «Союз» командасы. Студенттерди жеңиши менен куттуктайбыз! КВН оюну студенттердин өзүнө болгон ишенимин гана эмес, командалык иштөө жөндөмүн, чыгармачылыгын жана жаңычыл ой жүгүртүүнү да өнүктүрөт.