Жаңылыктар
cover image
Кыргыз авиация институтунун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Тилек Бактыбекович Бактыбеков ийгиликтүү түрдө итогтук экзамендерди тапшырды жана Б. П. Бугаев атындагы Ульяновск шаарындагы Жарандык авиация институтунан жогорку билим жөнүндө диплом алды.

Квалификация

Мамлекеттик экзамен комиссиясынын чечими менен Бактыбеков Т. Б.га Бакалавр 25.03.04 «Аэропортторду эксплуатациялоо жана учуулардын камсыздалышы» квалификациясы ыйгарылды.

Жыйынтык
Биздин кызматкердин ийгилиги Кыргызстандагы авиация адистерин даярдоого, андан кийинки мезгилде аэропорттордун жана учактардын ишинин сапатын жогорулатууга таасир этет.

Кызматташтык

Мурда Кыргыз авиация институту менен Ульяновск жарандык авиация институтунун институттук жана илимий байланыштары кызматташууну камсыздоочу келишим менен бекемделсе, институттун директору Курманов У. Э. Ульяновскта уюштурулган «Гражданская авиация: XXI век» эл аралык илимий конференциясына катышкан болсо, эми студенттер менен окутуучулардын достук мамилелери аркылуу да бекемделди.

9ff272115a2b7df7a326a243dc84383d.jpg