Образование и производство для развития гражданск…
07 Окт 2021
139
Кызматташтык
Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясы күнүнө карата Кыргыз авиа институтунун (им. И. Абдраимова) директору Улан Эсембекович Курманов жана ОсОО «ИНТЭК» директору Алтынбек Дарманович Жоробеков Кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.
Кызматташтык жөнүндө
Келишимге ылайык институттун студенттеринин практикасын уюштуруу жана авиация адистеринин квалификациясын жогорулатуу жаатында өз ара аракеттешүү бекемделет.
Алтынбек Дарманович өндүрүш менен билимдин биргеликте иштешүүсүнүн маанисин белгилеп, институт менен май толтуруучу комплекс ортосунда өндүрүштүк, илимий жана социалдык байланыштарды түзүү демилгелерин колдоорун билдирди; булар Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүүгө багытталган.