Теориядан практикага: КАИ студенттери аскер бөлүг…
14 Апр 2026
66
Окуялар
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун жарандык авиация факультетинин 3-курсунун (ВЭо-1-23 тобу) студенттери «Учактардын конструкциясы жана күч орнотмолору» дисциплинасынын алкагында өндүрүштүк окуудан өтүштү.
Практикалык сабак
Практикалык сабак окутуучу Шукуров Т.С. жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Абадан коргонуу күчтөрүнүн №23565 аскер бөлүгүнүн базасында уюштурулду.
Окуунун жүрүшү
Окуу учурунда студенттер авиациялык техниканын чыныгы үлгүлөрү менен таанышып, аба кемелеринин конструкциясынын өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле күч орнотмолорунун иштөө принциптерин кесиптик ишмердүүлүккө жакын шарттарда үйрөнүштү.
Форматтын мааниси
Мындай форматтагы практикалык сабактар теориялык билимдерди бекемдөөгө жана келечектеги авиация адистеринин кесиптик компетенцияларын калыптандырууга өбөлгө түзөт.