
Тарых жана алдын ала шарттар
Бул окуяга чейин эски аэропорттун мүмкүнчүлүктөрү түгөнүп калган. Аэропорт Совет мезгилинде курулуп, ошол учурдун учак түрлөрү үчүн иштеп келген. Аэродромдо эки учак токтоочу жай, узундугу 2000 метр, туурасы 35 метр болгон учуу-конуу тилкеси (ВПП) болгон. Ал ЯК-40, Ан-28, Ан-24 жана Ан-2 сыяктуу учактарды тейлеп келген, бирок бул типтеги учактар азыркы учурда колдонулбайт. Ошондой эле аэропортто Ан-2 үлгүсүндөгү учактарга техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүүчү база жайгашкан болчу.
Статус жана курулуш
Эгемендик алынгандан кийин Каракол шаары Ысык-Көл облусунун административдик борбору болуп, 2011-жылдын 25-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №734 токтому менен «Каракол» аэропортуна эл аралык статус ыйгарылган. Бул статуска байланыштуу аэропортту жаңыртуу жана жарандык авиациянын заманбап талаптарына шайкеш келтирүү зарылчылыгы пайда болгон.
2022-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун катышуусунда «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзал комплексинин курулушуна капсула коюу аземи өткөрүлгөн.
Техникалык мүнөздөмөлөр
Реконструкцияланган аэродромдун техникалык мүнөздөмөлөрү:
- 1Аэродромдун коддук белгиси: «4C» (ИКАО стандарттары);
- 2Бир учуу-конуу тилкеси, эки рулеждик жол (РД), ВПП менен перронду байланыштырат;
- 3ВППнын өлчөмдөрү: 2450х45 м;
- 4Перрондо бир убакта 4 учакка чейин (Эмбраер 195 жана андан кичине) жайгаштыруу жана тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.
Жабдуулар жана тейлөө
Аэропорт заманбап атайын техника жана учактарды жерден тейлөө үчүн механизация менен жабдылган. Учуу кыймылын башкаруу, радиотехникалык жана метеорологиялык камсыздоо «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын Каракол бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.
Аэродромдун жарык сигналдык жабдуулары кийинки жылы орнотулат, учурда болсо күндүзгү учуулар гана жүргүзүлөт.
Билим берүү жана практика
Ошондой эле авиациялык багыттагы бүтүрүүчүлөр үчүн кесипке ээ болуу жана зарыл көндүмдөрдү үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү ачылат.
Биздин студенттер жайкы өндүрүштүк практикаларын бул жерде өтүп, келечекте бул аймакта ишке орношуу перспективаларын пайдалана алышат.
Галерея





