
Конференция тууралуу
2019-жылдын 15-октябрында Кыргыз авиация институтунун базасында, Кыргыз Республикасынын Азаматтык авиация агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин колдоосу менен «Кыргыз Республикасындагы авиациялык медицинадагы актуалдуу маселелер» аттуу биринчи Республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү, ал Кыргыз Республикасында авиациялык медицина тармагынын 60 жылдыгына жана И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун 46 жылдыгына арналган. Конференциянын программасына авиация персоналын медициналык текшерүү маселелери, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын аба кемелерин санитардык-эпидемиологиялык камсыздоо жана авиациялык медицинанын ар кандай факторлорунун таасирин алдын алуу боюнча маселелер киргизилген. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Азаматтык авиация агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук кардиология жана терапия борборунун, мамлекеттик ишкананын «Кыргызаэронавигация» медициналык-бөлүмүнүн Врачебно-летно-эксперттик комиссиясынын, «Манас» эл аралык аэропортунун филиалдарынын жана И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун адистери чакырылган.
Фотогалерея





