
Куттуктоолор
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун жетекчилиги коллектив менен чогуу юбилярды жылуу куттуктап, чың ден соолук жана дагы узак жылдар тиледи.
КАИдин директору Улан Курманов ардагерге Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын өнүгүшүнө жарым кылымдан ашык кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, бул жылы Тлеухор Изембековна кесиптик ишинин башталганына 60 жыл болорун белгиледи.
Биография жөнүндө
Справка үчүн: Тлеухор Бошумова 1964-жылда Кыргызстандын жарандык авиациясынын алгачкы диктору болгон. Ал учактын бортунда жүргүнчүлөргө маалыматты кыргыз тилинде биринчи болуп жарыялаган. Жалпысынан Бошумова абада 17 жыл иштеп, жалпы налёт 17 000 км түзөт.
Өмүрүн авиацияга арнап, Бошумова бүгүнкү күндө да өз кесибинде эмгектенүүдө: ал И.Абдраимов атындагы КАИнин музейлеринин кароочусу болуп, жаш авиация адистерин тарбиялоого салым кошуп келет. Тлеухор Бошумова Бектеновдор авиаторлор династиясынын улуулугу болуп саналат. Ал «Эмгек ардагерү» медалы жана бир катар профильдүү мекемелерден ардак грамоталар менен сыйланган.
Фотогалерея

