И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту Сиань авиациялык университети жана Кытайдын электрондук илим жана технология университети менен кызматташуу жөнүндө меморандум түздү.

Меморандумдун алкагында биргелешкен билим берүү программаларын түзүү, учкучсуз авиациялык системаларды ишке ашыруу жана чогултуу боюнча долбоорду түзүү, ошондой эле институттун авиация жана космонавтика жаатындагы потенциалын жогорулатуу пландаштырылууда.