Жаңылыктар
cover image
Бүгүн, 17-январда, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун администрациясынын өкүлдөрү, окутуучулар курамы жана студенттик кеңештин мүчөлөрү Нижне-Чуй адистештирилген мектеп-интернатына барышты.

Визит жөнүндө

Алар кичинекей окуучуларды Жаңы жыл менен куттуктап, аларга таттуу белектерди беришти.

Айта кетсек, салт боюнча жардам студенттер тарабынан институттун каражаты эсептен көрсөтүлгөн. Билим берүү уюмунун администрациясы көрсөтүлгөн колдоого жана балдарга тартууланган майрамдык маанайга ыраазычылыгын билдирди.

Маалымат үчүн

Маалымат үчүн: Нижне-Чуй адистештирилген мектеп-интернатында психологиялык өнүгүүсү кечигүү менен балдар окушат. Окуучулардын саны — 160, 1-класстан 4-классга чейин.