2026-жылдын 25-ноябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун окутуучулары жана студенттери Сокулук районундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборуна барышты.
Иш сапардын алкагында институттун өкүлдөрү борборго кайрымдуулук жардам көрсөтүп, тарбиялануучуларга көңүл буруп, колдоо көрсөтүштү.
Бул демилге институттун социалдык жоопкерчилигин чагылдырып, коомдогу кайрымдуулук, боорукердик жана адамгерчилик баалуулуктарын жайылтууга багытталган.