И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун англис тилинин окутуучулары англис тилин жана Aviation English сабагын окутуунун заманбап усулдары боюнча өткөрүлгөн 10 жумалык KAI NextGen Initiative квалификацияны жогорулатуу курсун ийгиликтүү аякташты.
Окуу программасынын жүрүшүндө заманбап билим берүү технологиялары, санариптик инструменттер жана окутуунун инновациялык ыкмалары өздөштүрүлдү. Алынган билимдер келечектеги авиация адистерин даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында окуу процессинде колдонулат.
Курстун бардык катышуучулары окууну ийгиликтүү аяктап, программаны ийгиликтүү бүтүргөндүгүн тастыктаган сертификаттарга ээ болушту.