Апрель Элдик революциясынын күнүнүн алдында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун окутуучулары жана студенттери «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышып, тарыхый окуялардын баатырларынын элесине таазим кылышты.
Зыяраттын жүрүшүндө студенттер 1937–1938-жылдардагы репрессия курмандыктарына, 2010-жылдагы Апрель окуяларынын баатырларына, 1916-жылдагы көтөрүлүштүн курмандыктарына жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мемориалына гүл чамбар коюшту.
Бул зыярат жаш муун үчүн маанилүү тарыхый тажрыйба болуп, аларга бул ыйык жердин тарыхый маанисин терең түшүнүүгө жана баалоого мүмкүнчүлүк берди. Бул иш-чара институттун жакшы салттарынын бири болуп эсептелинет жана жыл сайын 1-курстун студенттери бул иш чарага тартылат.
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун администрациясы мазмундуу экскурсия уюштургандыгы жана Кыргызстандын баатырларынын элесине таазим кылууга шарт түзүп бергендиги үчүн «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын жана мемориалдык комплекстин жетекчилигине ыраазычылык билдирет.