2026-жылдын 29-майында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун окутуучулары Бишкек шаарында өткөн «Илимдин өнүгүүсүндөгү жаш окумуштуулардын орду жана ишмердүүлүгү» аттуу тегерек столго катышышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулуп, жаш окумуштуулардын илимий потенциалын өнүктүрүү, алардын илим тармагындагы ордун бекемдөө жана тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча түзүүгө багытталды.
Тегерек столдун жүрүшүндө өлкөдөгү илимдин учурдагы абалы, жаш окумуштууларды колдоо механизмдери, илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жана илимий кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле катышуучулар илимди өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын жана тажрыйбаларын бөлүшүштү.