И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун окутуучулары 2025-жылдын 27–28-ноябрында Иркутск шаарындагы Москва мамлекеттик жарандык авиациясынын техникалык университетинин Иркутск филиалынын базасында өткөн «Авиациялык техниканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана аны эксплуатациялоо ыкмалары – 2025» аттуу XVIII Бүткүл россиялык илимий-практикалык конференцияга катышышты. Конференциянын алкагында авиациялык техниканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана аны эксплуатациялоонун заманбап ыкмалары талкууланып, ошондой эле профилдик жогорку окуу жайлардын жана илимий уюмдардын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.

