Жарыялар
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун окутуучулары 2025-жылдын 27–28-ноябрында Иркутск шаарындагы Москва мамлекеттик жарандык авиациясынын техникалык университетинин Иркутск филиалынын базасында өткөн «Авиациялык техниканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана аны эксплуатациялоо ыкмалары – 2025» аттуу XVIII Бүткүл россиялык илимий-практикалык конференцияга катышышты.

Конференция жөнүндө

Конференциянын алкагында авиациялык техниканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана аны эксплуатациялоонун заманбап ыкмалары талкууланып, ошондой эле профилдик жогорку окуу жайлардын жана илимий уюмдардын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.

Фотогалерея