Окуялар
cover image
2023-жылдын 16-июнунда Кыргыз авиация институтунун (И. Абдраимов атындагы) Учуу-методикалык кеңешинин кезексиз кеңейтилген отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшү

Отурумга институттун профессор-окутуучулар курамы, авиакомпаниялардын жана авиациялык окуу борборлорунун өкүлдөрү, учуу коопсуздугун башкаруу системасына жооптуу адистер, ошондой эле учуу кызматтарынын адистери катышты. Мамлекеттер аралык авиация комитетинин тергөө тобунун өкүлдөрү Авиациялык окуу борбору «Bishkek Wings» ЖЧКнын EX-77019 учагы менен болгон авиациялык окуя тууралуу акыркы отчеттук маалыматты беришти.

Катышуучулар

  • 1Институттун профессор-окутуучулар курамы
  • 2Авиакомпаниялардын жана авиациялык окуу борборлорунун өкүлдөрү
  • 3Учуу коопсуздугун башкаруу системасына жооптуу адистер
  • 4Учуу кызматтарынын адистери
  • 5Мамлекеттер аралык авиация комитетинин тергөө тобунун өкүлдөрү

Жыйынтыктар жана сунуштар

Отурумдун жыйынтыгы
Отурум учурунда катышуучулар тергөөнүн жыйынтыктарын талкуулап, комиссиянын сунуштарын кылдаттык менен изилдеп, эске алуу зарылчылыгын белгилешти. Окутуу процесске жана жетекчилик документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле учуу коопсуздугун камсыздоого багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүү керектелери аныкталды.