Жаңылыктар
cover image
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда 15-сентябрдан 24-сентябрга чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилинин күнүнө арналган декада өткөрүлдү — декада алкагында онлайн интеллектуалдык конкурс жана салтанаттуу онлайн-иш-чара уюштурулду.

Иш-чаралардын жүрүшү

Декада алкагында кыргыз тили мугалимдери Ж. Стамкулова жана М. Халмурзаева “Тил тарыхы-эл тарыхы” темасында онлайн интеллектуалдык конкурс өткөрүштү. Конкурска 1-2-курс студенттери активдүү катышты.

Салтанаттуу иш-чара
2020-жылдын 23-сентябрында Мамлекеттик тилинин күнүнө арналган салтанаттуу онлайн-иш-чара өткөрүлдү. Кыргыз авиация институтунун директору У.Э. Курманов куттуктоо сөзүн айтты. Кыргыз тили мугалими Ж. Сокушева студенттер катышкан музыкалык композицияны тартуулады.

Ссылка: https://youtu.be/u7rO3BDD2fc

Фотогалерея