Президенттин Жээнбеков С.Ш. Указынын алкагында «Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылы деп жарыялоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу максатында, 2020-жылдын 17-сентябрында ОшМУда, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 11.09.2020-жылдагы №49/2 буйругуна ылайык, «Цифровой университет» конференциясы өткөрүлдү.
Катышуучулар
1К. Базарбаев — Президентинин аппаратынын гуманитардык өнүгүүнү мониторингдөө жана жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн жетекчиси
2Ж. Саралаева — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын билим, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы
3К. Исаков — Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри
4Курманов Улан Эсембекович — И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун директору (катышууга чакырылган)
Конференция тууралуу
Конференцияда билим берүү системасынын абалы, анын көйгөйлөрү, жетишкендиктери жана мындан ары өнүгүү перспективалары каралды.
Инфраструктура менен таанышуу
Ошону менен бирге, конференция катышуучулары санарип технологиялардын ишке кирүүсү жана иштеши менен жеринде таанышып, ОшМУнун бир катар факультеттерин, борборлорду, Дата-борборду, электрондук китепкананы жана башка жайларды кыдырган.