Республикалык конференция: КАИнин студенттери бай…
24 Апр 2026
66
Жаңылыктар
22-апрелде И. Абдраимов атындагы КАИнин студенттери А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун 95 жылдыгына арналган Республикалык студенттик илимий-практикалык конференцияга катышты.
Конференциянын темасы
Конференциянын темасы: «Кыргыз Республикасынын азыркы шарттагы экономикалык өсүшү жана туруктуу өнүгүүсү: жаштардын көз карашы».
Катышуу
Иш-чарага И. Абдраимов атындагы КАИнин студенттери активдүү катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана илимий кызыгуусун көрсөтүштү.
Натыйжалар
Арина Салибекова — экинчи орунду ээлеп, акчалай сыйлык менен сыйланды.
Азем Ташматова — «Эң мыкты презентация» номинациясына ээ болду.