Өнөктөштүк
cover image
2021-жылдын 29-сентябрында институттун жетекчилиги ОсОО «ИНТЭК»-тин башкы директору Алтынбек Дарманович Жоробеков менен жолугушту. Тараптар университет жана күйүүчү май толтуруучу комплексинин ортосундагы кызматташтыктар жана жарандык авиацияны өнүктүрүү үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоонун зарылдыгы тууралуу маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун чоо-жайы

Улан Эсембекович студенттердин практикасын уюштуруу жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу маселесине көңүл бурду. Алтынбек Дарманович кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу программаларына кызыкдар экенин билдирди.

6e01c2c88e5aa17e6e47da5aca9bf76e.jpg
e185a0764c4c7ec8b8a696a47fb2da15.jpg