2025-жылдын 25-февралында Алматы шаарында «КазАэроНавигация» РМКнын Кесиптик Окуу борборунда (ПТБ) EASA Part-145, Part-147, Part-M/CAMO европалык авиациялык эрежелери боюнча семинар болуп өттү.

Семинарда авиациялык кадрларды даярдоонун актуалдуу маселелери жана бул багыттагы заманбап IT чечимдери талкууланды.

Семинарга И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун директору Улан Курманов катышып, тиешелүү баяндама жасады.

Семинардын максаты эл аралык кызматташтыкты жана жарандык авиация уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү, ошондой эле авиация кызматкерлерин даярдоонун сапатын жогорулатуу болгон.

«Казаэронавигация» РМКнын кесиптик окуу борбору авиациялык кадрларды даярдоого чоң салым кошууда. Борбор ИКАО эл аралык жарандык авиация уюмунун TRAINAIR PLUS программасынын алкагында дүйнөлүк профессионалдык окутуу системасынын толук кандуу катышуучусу болуп саналат.