Авиациялык коопсуздук тармагында тобокелдиктерди …
02 Окт 2025
1473
Семинар-практикум
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги өлкөнүн аэропортторунун, авиакомпанияларынын, авиацияны күйүүчү май менен камсыздоочу уюмдарынын, аэронавигациялык жана жер үстүндөгү тейлөө уюмдарынын жетекчилери жана адистери үчүн авиациялык коопсуздук тармагында тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу боюнча семинар-практикум өткөрөт. Семинар И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда өтөт.
Иш-чаранын негизги максаттары
1тобокелдиктерди башкаруунун негизги принциптери боюнча билим алуу;
2коркунуч менен тобокелдиктин ортосундагы байланыштарды түшүнүү;
3тобокелдиктин жана маалыматтын булактарын аныктоону үйрөнүү;
4тобокелдиктерди проактивдүү баалоо ыкмаларын өздөштүрүү;
5ыктымалдуу сценарийлерди аныктоо жана аныктай билүү;
6критикалдуулук жана алсыздык деңгээлин талдоо жөндөмдүүлүгү;
7ыктымалдуулуктарга жана кесепеттерге негизделген тобокелдиктерди талдоо;
8тобокелдиктерди баалоо үчүн критерийлерди туура колдонуу боюнча билим;
9коркунучтардын тизмесин түзүү жана жаңыртуу боюнча көндүмдөр.