10-апрелде И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Ачык эшиктер күнү өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын 9–11-класстарынын окуучулары, мугалимдери жана социалдык өнөктөштөр катышты.
Программанын алкагында конокторго институттагы билим берүү багыттары жана окуу профилдери тааныштырылды. Ошондой эле аудиториялар жана лабораториялар боюнча экскурсиялар уюштурулуп, катышуучулар окуу процесси менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Мындан тышкары заманбап учуу тренажёрлорунун иши көрсөтүлүп, абитуриенттерге тапшыруу тартиби, окуу шарттары жана кесип тандоо боюнча кеңештер берилди.
Иш-чара салтанаттуу маанайда өтүп, келечектеги абитуриенттерге авиация тармагын жакындан таанып, туура кесип тандоого көмөк көрсөттү.





