Урматтуу кесиптештер! Терең кайгыруу менен Кыргыз авиациялык институтунун жана жарандык авиациянын ардагери Камбаров Эркул Назаралиевич 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтканын билдиребиз.
Эркул Назаралиевич өмүрүнүн бүтүндөй бөлүгүн жарандык авиация тармагына арнап, авиатехниктен тартып жарандык авиация системасында ар кандай деңгээлдеги жетекчилик кызматтарга чейин эмгек жолун басып өткөн.
Ал Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүүгө, ошондой эле жаш адистерди тарбиялоого жана калыптандырууга баа жеткис салым кошкон.
Эркул Назаралиевичтин жогорку кесипкөйлүгү, өз ишине берилгендиги жана акылмандыгы ар дайым баарыбыз үчүн үлгү болуп кала берет.
Көп жылдык үзүрлүү жана кынтыксыз эмгеги үчүн ал көптөгөн мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланып, кесиптештеринин терең урмат-сыйына ээ болгон.
Кыргыз авиациялык институтунун жамааты Эркул Назаралиевичтин үй-бүлөсүнө, жакындарына жана республиканын бардык авиаторлоруна терең кайгыруу менен көңүл айтат. Анын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.