
Визиттин жүрүшү
Чурсин Е.С. университеттин тарыхы жана жетишкендиктери тууралуу айтып, анда 320 программа боюнча окуу жүргүзүлүп, 17 миңден ашык студент билим алып жатканын белгиледи. Самара илимий изилдөө университети (С.П. Королёвдун атындагы) «Союз» космостук кемесин иштеп чыгуучулардын бири болуп саналат. Чурсин Е.С. университеттин авиация жана ракеталык-космостук техника институту, учкучсуз учуу аппараттары борбору жана практикалык аэродром сыяктуу бөлүмдөрү тууралуу презентация жасады.
Институттун бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен Чурсин Е.С. методикалык материалдарга жеткиликтүүлүк, практика уюштуруу жана студент алмашуу программалары, магистратура окуусу жана илимий иштин жүргүзүлүшү боюнча маселелерди талкуулашты. Ошондой эле жакынкы убакта окуу жайлар ортосунда кызматташтык тууралуу келишимге кол коюу жөнүндө макулдашуу түзүлдү.
Ссылка: Самара Улуттук илимий университети (академик С.П. Королёвдун атындагы)



