
Докладдар жана талкуулар
Биздин кесиптешибиздин дүйнөлүк симпозиумга катышуусу Кыргыз авиациялык институтунда адистерди коопсуздук маданияты боюнча окутуунун өнүгүшүнө жана Кыргыз Республикасында авиациялык коопсуздуктун жогорку деңгээлине салым кошот.
Алтынбек Куланбекович ICAO симпозиумунун биринчи күнүндөгү айрым докладдар жөнүндө айтып өттү: «Port of Seattle (АКШ) агенттигиндеги авиациялык коопсуздук жана кырдаалдарга даярдык боюнча директор Венди Рейтердин айтымында, бардык авиациялык коопсуздук иштери аралыкты сактоо максатында санарландырууга өттү. Мельбурн аэропортунун (Австралия) авиациялык операциялар жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Скотт Даллард smart security жөнүндө сөз кылды. AENA (Испания) компаниясынын инспекциялар жана процесстер бөлүмүнүн башчысы Альфонсо Хорна Гомез биометрия, термографиялык камералар, Малага, Мадрид, Аликанте аэропортторуна орнотулган дезинфекциялык жабдуулар жана Мадрид, Ибица, Севилья аэропортторунда алыстан скрининг тууралуу презентация даярдаган».
Бул маселе теоретикалык жактан 2021-жылдын май айында Кыргыз авиациялык институтунда өткөн студенттик конференцияда илимий докладдын темасы болгон. Бул биздин жогорку окуу жайдагы адистердин даярдыгы глобалдык авиациялык коопсуздук тенденцияларына ылайык экенин көрсөтөт.