Институттун кызматкерлери жана студенттери акыл-э…
25 Дек 2024
378
Иш-чаралар
2024-жылдын 24-декабрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун кызматкерлери жана студенттери жыл сайын өткөрүлүүчү кайрымдуулук акциясы менен Нижне-Чуйдагы акыл-эс өнүгүүсү жай балдарга арналган атайын башталгыч мектеп-интернатты зыярат кылышты.
Акциянын жүрүшү
Балдар үчүн жаңы жылдык кече өткөрүлүп, студенттердин чогулткан каражаттары жана институттагы студенттик кайрымдуулук базары аркылуу алынган жаңы жылдык белектер берилди.
Ыраазычылык
Нижне-Чуйская атайын башталгыч мектеп-интернаттын администрациясы балдарга көрсөтүлгөн көңүл жана жакшы маанай үчүн ыраазычылык билдирди.