2025-жылдын 3–4-апрелинде И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен, Казакстандын Алматы шаарындагы «Aviator.kz» окуу борбору жана Латвиянын Рига шаарындагы «TRITECH EASA PART -147» авиациялык окуу борбору менен биргеликте “Авиацияда коопсуздукту башкаруу системасынын (SMS) натыйжалуулугу: заманбап ыкмалар жана практикалык жүзөгө ашыруу” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.

   Конференциянын күн тартибинде жарандык авиациядагы SMSтин заманбап стандарттары, аны колдонуу тажрыйбасы, инновациялык технологиялар жана өнүгүү келечеги талкууланды. Башкы көңүл авиация тармагындагы компаниялар жана башка катышуучулар туш болгон практикалык маселелерге бурулду. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген адистер тажрыйба алмашып, авиация коопсуздугун жогорулатууга багытталган конкреттүү сунуштарын ортого салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

   Конференция авиациядагы коопсуздукту башкаруу системасынын сапатын жакшыртууга жана аба кемелеринин жүргүнчүлөрү менен экипаждары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылууга карай маанилүү кадам болду.