2026-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун базасында Чек ара ишмердүүлүгү кафедрасынын планына ылайык Кыргыз Республикасынын Чек арачы күнүнө арналган «Мамлекеттик чек ара кызматынын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери: тарыхы, бүгүнкү күндөгү абалы жана өнүгүү перспективалары» аттуу ведомстволор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын ишине И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери активдүү катышты.

Иш-чарада ведомстволор аралык жана жогорку окуу жайлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, инновациялык технологияларды киргизүүгө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын коопсуздугун чыңдоо багытындагы илимий-изилдөө иштерин кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Конференциянын жыйынтыгында Мамлекеттик чек ара кызматынын ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүгө жана улуттук коопсуздук жаатындагы адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган резолюция кабыл алынды.