Жаңылыктар

И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун студенти Япониянын шахмат чемпионатында жеңди. Биринчи курс студенти, ЭТМо-3-23 группасында окуган Керимкулов Омурбек кадеттер арасындагы «Kashiwara Masters» чемпионатында 1-орунду ээледи.
Турнир жөнүндө
- 1Япон шахмат федерациясынын турнири Осака шаарында өттү.
- 2Күндөрү: 2024-жылдын 13 жана 14 апрели.
- 3Оюндун форматы 5 турдан турган швейцар системасы болду.
- 4Омурбек беш турда атаандаштарын утуп, турнирдин жеңүүчүсү болду.
Цитата
«Мен жалгыз чет өлкөлүк катышуучу болчумун жана жеңүүгө үмүт кылган эмесмин, анткени жапондар өздөрү абдан билимдүү адамдар. Бул жеңиш мен үчүн абдан маанилүү. Мен абдан кубанычтамын»