15-мартта И.Абдраимова Кыргыз авиациялык институтунун студенттери жана кызматкерлери жалпы шаардык ишембиликке чыгышты.

Институттун кызматкерлери жана студенттери Т.Фрунзе, Лущихина, Кухбасская жана Черноморская көчөлөрүнө чыгышып, ошондой эле институттун аймагында тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Иш-чаранын негизги максаты шаардын экологиялык абалын жакшыртууга жардам берген көчөлөрдү жана ирригациялык системаларды санитардык тазалоо болду.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан 17-майына чейин борбор калаада шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча масштабдуу ишембилик өтүүдө.