2025-жылдын 11-апрелинде И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери жана окутуучулары Алматы шаарындагы «Жарандык авиация академиясы» акционердик коомунда өткөн жаш илимпоздордун «Жасалма интеллект – мүмкүнчүлүктөрү жана колдонуу перспективалары» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышышты. Иш-чара «Жарандык авиация академиясынын 30 жылдыгына», «Космонавтика күнүнө» жана «Илим күнүнө» арналды.
Конференциянын максаты – жасалма интеллектти жана инновацияларды алдыңкы инженердик жана билим берүү жетишкендиктерине интеграциялоо жана киргизүү маселелерин жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо, маалыматтарды талдоо алгоритмдерин жана инструменттерин, бизнес-процесстерди санариптештирүү жана оптималдаштырууда сунуштоо болду.
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун катышуучулары авиациялык технологиялар, инженерия жана санариптик системалар жаатындагы илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын чагылдырган докладдарды сунушташты.