2025-жылдын 14-апрелинде жарандык авиациянын Москва мамлекеттик техникалык университетинин (МГТУ ГА) Иркутск филиалынын студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна келишти.

Бул алмашуу программасы студенттердин авиация тармагындагы билимин тереңдетүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы тажрыйба жана маданий салттарды алмашууга багытталган. Студенттер институттун алдыңкы окутуучулары жүргүзгөн лекцияларга жана практикалык сабактарга катышып, илимий изилдөөлөргө да активдүү катышмакчы.

Программа студенттер үчүн өз билим деңгээлин жана кесиптик көз карашын кеңейтүүдө мыкты мүмкүнчүлүк болуп саналат.