2026-жылдын 26-февралында Кыргыз авиациалык институтунун студенттери «Алтын-Уя» мектеп-интернатына барышты. Бул жерде 6–9-класстардын кыздары билим алышат.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер интернаттын тарбиялануучулары менен таанышып, институттагы окуу багыттары, студенттик жашоо жана келечектеги абитуриенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.
Ошондой эле студенттер мектеп-интернатка белектерди тапшырышты. «Алтын-Уя» мектеп интернатынын администрациясы студенттерге колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.



