КАИнин студенттери Жогорку Кеңешке экскурсияга ба…
22 Апр 2026
65
Окуялар
22-апрелде И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери, Студенттик кеңештин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кскурсияга барышты.
Жолугушуу жөнүндө
Иш сапардын жүрүшүндө депутат Эрулан Кокулов студенттерге өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Жолугушуу ачык форматта өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, кеңири жооп ала алышты. Ошондой эле студенттер жыйындар залына кирип, анда ошол учурда актуалдуу маселелер каралып жаткан процесске күбө болушту.
Экскурсиянын мааниси
Экскурсия студенттер үчүн пайдалуу тажрыйба болуп, Жогорку Кеңештин иши менен жакындан таанышууга өбөлгө түздү жана мамлекетти башкаруу жана коомдук турмушко кызыгуу жогорулады.