2026-жылдын 24-ноябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери Россия Федерациясынын Москва облусундагы «Московия» кесиптик колледжи тарабынан уюштурулган эл аралык конок лекцияга катышты.
Лекциянын темасы — «Графикалык дизайндын негиздери». Ал «Графикалык дизайн» компетенциясына арналды. Лекцияны «Московия» кесиптик колледжинин атайын дисциплиналар боюнча окутуучусу Александра Евгеньевна Беляева өттү.
Лекциянын жүрүшүндө катышуучулар графикалык дизайндын негизги түшүнүктөрү жана тарыхы, заманбап тенденциялар жана кесиптик стандарттар менен таанышты. Ошондой эле визуалдык концепцияларды иштеп чыгуу, логотиптерди, баннерлерди, интерфейстерди жана полиграфиялык продукцияларды түзүү, дизайн-макеттерди даярдоого жана жасалгалоого коюлган талаптар сыяктуу практикалык маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту «Московия» кесиптик колледжине мазмундуу конок лекцияны уюштурганы, эл аралык кызматташууга ачык мамилеси жана студенттерге билим берүү иш-чарасына катышууга мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн ыраазычылык билдирет.