И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери Ала-Тоо Эл аралык университети тарабынан уюштурулган Alatoo Hub Battle 2026 студенттик стартап чемпионатына катышты. Иш-чара инновациялык идеяларын сунуштаган активдүү жана таланттуу жаштарды бир аянтчага чогултту.

Чемпионаттын алкагында катышуучулар технология, ишкердик жана санариптик чечимдер сыяктуу ар түрдүү багыттар боюнча долбоорлорун көрсөтүштү.

Стартап-беттеш форматындагы иш-чара студенттерге өз долбоорлорун эксперттик калыстар тобуна тааныштырып гана тим болбостон, тажрыйбалуу адистерден пайдалуу кеңештерди алууга жана башка жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берди.

Мындай иш-чараларга катышуу студенттердин ишкердик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, практикалык көндүмдөрүн арттырууга жана жаштар арасында инновациялык идеяларды жайылтууга өбөлгө түзөт.