Жарыялар
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери Ала-Тоо Эл аралык университети тарабынан уюштурулган Alatoo Hub Battle 2026 студенттик стартап чемпионатына катышты. Иш-чара инновациялык идеяларын сунуштаган активдуу жана таланттуу жаштарды чогултту.

Иш-чара тууралуу

Чемпионаттын алкагында катышуучулар технология, ишкердик жана санариптик чечимдер сыяктуу ар түрдүү багыттар боюнча долбоорлорун көрсөтүштү. Стартап-беттеш форматындагы иш-чара студенттерге өз долбоорлорун эксперттик калыстар тобуна тааныштырып гана тим болбостон, тажрыйбалуу адистерден пайдалуу кеңештерди алууга жана башка жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берди.

Катышуунун мааниси

Мындай иш-чараларга катышуу студенттердин ишкердик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, практикалык көндүмдөрүн арттырууга жана жаштар арасында инновациялык идеяларды жайылтууга өбөлгө түзөт.

Фотогалерея